МОҢОЛДОР (уруу): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска

МОҢОЛДОР — кыргыздын оң канатына таан­дык уруулардын бири. Уламыштар боюнча Адиги­не менен Тагайдын эжеси Наалыга байланышкан. Алардын биринде Наалы эже кыргызга келген Көкөгө баш кошкон, андан туулган балдар М„ аталган. С. Абрамзондун эмгеги боюнча М. - кыр­гыз элинин этностук калыптанышына катышы бар моңгол-түрк урууларынын бири. Н. Арис­товдун пикиринде М. кыргыздарга тыштан кирген «жат» уруулардын бири болгон. Бирок моңгол уруулары менен кандайдыр бир байланыш­та болушун тастыктаган тарыхый даректер ке­зикпейт. М. жөнүндө тарыхый маалыматтар ал­гачкы жолу Кытай тарыхый даректеринде («Си-юй чжи») кезигип, алар кыргыздын «Ба­тыш Ордосуна» караштуу негизги төрт уруу­нун бири катары эскерилет. Кыргыз санжырасы боюнча М. Баакы бийден тарап, Бөгөнөк, Улуу Кыйра, Бала Кыйра, Бай Моңол деген негизги топторго ажырайт. М. уруусуна тийиштүү топ­тор (фратрия) Кыргызстандын бардык аймактарын­да кездешет. Анткени алар Кыргызстандын Рос­сияга каратылышына чейин ар кандай саясий кырдаал же табигый шарттарга байланыштуу күчтүү уруу бирикмелерине таянууга аргасыз болушкан. С. Абрамзон М-ду кыргыздын эң эле укуксуз жана эзилген тобу экенин белгилеп, па­дыша өкмөтү жүргүзгөн саясий реформалардан кийин гана аларды бир жерге чогултууга ара­кет жүргөнүн көрсөткөн. Мисалы, алардын бир бө­лүгү манап Кайду Рыскулбековдун буйругу менен Нарын, Ат-Башыга чогултулуп, кийин өзүн­чө болуштук түзүлгөн. Азыркы учурда М-го ти­йиштүү топтор негизинен Нарын (Ат-Башы, Ак­Талаа, Кочкор ж. б.), Ысык-Көл (Түп, Жети­Өгүз ж. б.), Чүй (Кемин, Сокулук, Панфилов ж. б.), Талас (Кара-Буура ж. б.), Ош (Кара-Кул­жа ж. б.), Жалал-Абад (Тогуз-Торо, Токтогул, Аксы ж. б.) обл-нда турушат.

Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б„ 1999.

Р. Жолдошев.