МОНТЕРРЁЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска

МОНТЕРРЁЙ - Мексиканын түндүк-чыгышында­гы шаар. Нуэво-Леон штатынын администрациялык борбору. Калкы 1,1 миллион (2012; шаар айланасы менен 4 миллион­дой). Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту

Шаардын жалпы көрүнүшү.

бар. Өлкөнүн Мехикодон кийинки 2-экономикалык бор­бору. Рейноса ш-нан газ кууру келет. Кара жана түстүү металлургия, машина куруу, химиялык, жыгаччылык, текстиль жана тамак-аш ө. ж. иш­каналары иштейт. Үч университет бар. 16-к-дын аягында негизделген. 17-18-к-дын архитектура эстеликтери сак­талган.