МОНТЕВИДЕО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска
МОНТЕВИДЕО - Уругвай Респ-нын борбору, шаар. Монтевидео департаментинин администрациялык борбору. Атлантика океанындагы Ла-Плата булуңунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 500 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1,34 миллион (2012; Уругвайдын калкынын 40%и). Жол тоому. Эл аралык аэропорту (Карраско) бар. Өлкөнүн маанилүү деңиз порту. Уругвай жана Парана д. боюнча
кеме катнашынын баштапкы пункту. Шаар 1726-ж. испандар тарабынан негизделген. 1816- 28-ж. Бразилиянын курамында болгон. Эт тоңДУРУУЧУ, нефть ажыратуу, металл иштетүү, цемент, химиялык, текстиль, булгаары-бут кийим ө. ж. ишканалары иштейт. Университеттер, География жана тарых институтуту, ИИИлер (адабият академиясы ж. б.), техникалык коллеж, улуттук кооз искусство жана зоология музейлери бар. Планетарий жана эки зоопарк уюштурулган. Собор (18-к., өтө кооздолгон), ратуша (19-к.), чеп ж. б. сакталган. 1726-ж. негизделген.
