МОНТГОМЕРИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска
МОНТГОМЕРИ Аламейнский Бернард Лоу (17. 11. 1887, Лондон — 24. 3. 1976, ошол эле жер) - британиялык аскер ишмери, фельдмаршал (1944), виконт (1946). Епископтун үй-бүлөсүнөн. Сандхерсттеги аскер академиясын бүткөн (1908). Биринчи дүйнөлүк согушка (1914-18), экинчи дүйнөлүк согуштун (1939-45) башталышында Франциядагы жана Бельгиядагы согуштарга катышкан. 1942-ж. август - 1942-ж. октябрьноябрь айларында Эль-Аламейндин жанында италян-немис аскерлерин талкалаган 8-англ. армияга командалык кылган. 1944-ж. июнда Нормандияга түшүрүлгөн (1944, июнь) союздаш армиялар тобунун, 1944-жылдын августунан Бельгияда, Нидерландда жана Түндүк Германияда согушкан 21-армиялар тобунун командачысы. 1945-ж. Германияда британиялык оккупациялык аскерлердин башкы командачысы, 1946- 48-ж. империя Генштабынын начальниги, 1948- 51-ж. Батыш союздун Коргонуу кеңешинин башкы командачылар Комитетинин төрагасы, 1951- 58-ж. НАТОнун Европадагы куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын 1-орун басары болуп иштеген. Улуу Британиянын жана чет өлкөлөрдүн ордендери, анын ичинде СССРдин «Жеңиш» жана 1-даражадагы Суворов ордендери менен сыйланган.
Ад.: Залесский К.А. Кто был кто во Второй мировой войне. Союзники СССР. М., 2004.