МОНРОВИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска
МОНРОВИЯ - Либерия Респ-нын борбору, шаар. Монтсеррадо графтыгынын администрациялык борбору. Өзүнчө администрациялык округду түзөт. Сент-Пол д-нын чатында, Месурадо тумшугунда жайгашкан. Калкы 1,1 миллион (2010; 95% и африкалыктар). Жолдор тоому. Өлкөнүн Атлантика океанындагы башкы соода борбору жана порту (сыртка темир кенташын, каучук, пальма данегин жана майын чыгарат; жылына 12 миллион т жүк ташылат). Эки эл аралык аэропорту [Робертсфилд (М-дан 60 км.)
жана Спригс-Пейн] бар. Шаар 1822-ж. АКШдан келген негрлер тарабынан негизделип, АКШнын президенти Ж. Монронун урматына аталган. 1847-жылдан көз каранды эмес Либериянын борбору. Университет китепканасы менен, Либерия Геология жана тоо металлургия коому, Мамлекеттик калк китепканасы бар. Туристтерди кызыктуруучу негизги жайы - баалуу жыгачтар өскөн тропик токою.
