МОНОНУКЛЕОЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска

МОНОНУКЛЕОЗ - калтыратма, ангина, лимфа түйүнүнүн чоңоюшу, кандын курамынын өзгөрү­шү менен мүнөздөлгөн жугуштуу оору. М. оорулуу киши жана инфекция алып жүрүүчү жөтөлгөндө, чүчкүргөндө чачыранды менен жугат. Көбүнчө бал­дар ооруйт. Козгогуч дем алуу жолдорунун был­жыр чели аркылуу кан тамырларга өтүп, кан агымы менен таралат жана лимфа түйүндөрүн жа­быркатат. Жашыруун мезгили (6-18 күн) өткөн­дөн кийин дене температурасы көтөрүлүп, тамагы жутканда ооруйт. Тамактагы бадам безинде ке­бер пайда болот. Мүнөздүү белгилери - моюн лимфа түйүндөрү чоңоёт, кармалаганда оорубайт жана эч качан ириңдебейт. Териде жана былжыр челде кээде бүдүрлөр чыгат. Боор менен көк боор чоңоёт, канда лейкоциттер көбөйөт. Калтырат­ма бир нече суткадан 3-4 жумага чейин созу­луп, оорулуу жакшы болуп кетет. Оорулууну өзүнчө бөлүп дарылоо керек. Кабылдоолор чан­да болот.