МОНАЦИТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска
МОНАЦИТ (грекче monazein - жалгыз жашайм) - церий тобундагы сейрек жер элементтеринин минералы. Химиялык формуласы (Се Ьа, Ү, Тп) [РО4]. Моноклин сингониясында кристаллдашат. Өңүтүсү киргилт сары, күрөң, кызгылтым, көгүш сымал. Айнекке окшоп жылтырайт. Катуулугу 5-5,5. Пегматит, гранит жана сланецтердеги гидротермдүү карбонат тарамчаларында кездешет. Дарыялардын жайылмасында, деңиз жээктеринде кен чачындыларын пайда кылат.