МОМОКОН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска
МОМОКОН (болжол менен 18-к-дын башы - 1780-ж-дан кийин) - солто уруусунун баатыры, Кошой бийдин уулу. Жуңгар хандыгы жоюлгандан кийин кыргыздардын Чуйгө келишине салым кошкон жана Садыр баатыр, Жайыл баатыр менен бирге Олуя-Атадан Кара-Балтага чейинки конуштарды ээлеп, талкан уруусунун билерманы катары Балхаш көлүнүн түштүк-батышындагы Уландын Учугу, Байгара, Жамбыл, Кулжа-Башы-Куучоку деген жерлерди казактын уйсун, дуулат урууларынан коргогон. Казак уруулары өзгөчө кыргыздын солто (Олуя-Ата, Байгара, Жамбыл тараптан), сарыбагыш (Иле тарап), чакыр саяк (Терекей-Көңкөй, Ит-Кечүү тарап) урууларына тынымсыз кол салып, тынчын кетирген. М., бөлөкбайдан Түлөөкабыл, Мырза, талкандан Үсөн, Теке, Тулөберди, Бөрүбай менен бирге казактын мизин кайрып, Чүй суусунун аягында ботбайдан (дуулат) Жайсаң баатырды өлтүрүшкөн. Жеке өзү казак айылдарын, кербен жолдорун көзөмөлдөгөн. 1768-ж. жазында Кудайменде баатыр менен Дөөтбай тархан башында турган казактар Олуя-Ата жактан кол салып, салгылашта экөө тең курман болгондо казактар Абылай ханга кайрылышкан. 1768-69-ж. казактын Абылай жана Абылпейиз султандары кыргыздарга каршы бир нече жортуул уюштуруп, Таластагы Каработо бийдин айылын чаап, Атаке баатырды Таласка чегиндирген. 1772-73-ж. Абылай Ташкент ш. алып, кыргыздарга кол салууга даярданып, Азиреттин Кара-Тоосуна көчүп келген (азыркы Таразга жакын). М. Жайыл менен Сабыр баатыр үчөө Көшөгөнүн Көк-Жотодогу казактарды чаап алышкан. Буга өчөшкөн Абылай 1780-ж. эрте жазда колун үчкө бөлүп, бири Капкадагы Садырдын айылын чапса, экинчиси Олуя-Ата, үчүнчүсү Корготу суусун карай багыт алган. Садырдын айылы чабылганын уккан М. менен Жайыл шашылыш кол жыйнаган. Корготу суусунун жээгинде казактар менен беттеште казактар кача баштап, кыргыздар кууп жөнөгөндө, Абылай жетектеген экинчи кол арттан чыгып, кыргыздар курчоодо калган. Ушул салгылашта М., Жайыл баатыр уулдары Үсөн, Теке, Итике менен бирге, Садыр баатырдын уулу Доскулу ж. б. колго түшүп, көп кыргыз баатырларча курман болгон. Мындан кийин М. жөнүндө тарыхый маалыматтар жолукпайт.