МОЛЕКУЛА БИОЛОГИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска

МОЛЕКУЛА БИОЛОГИЯСЫ - биологиянын ти­ричиликтин негизин түзгөн химиялык бирикмелер­дин структуралык өзгөчөлүктөрүн, касиетин, анын биол. функциясы менен байланыштырып изилдөөчү тармагы. М. б-нын негизги багыты - биол. объектилерди молекулалык деңгээлде изилдөө жана белок биосинтези, тукум куугучтук, генетикалык ин­формацияны сактоо жана берүү, молекулалык вирусоло­гия, молекулалык иммунология ж. б. Ал негизинен бе­лок жана нуклеин кислоталарын изилдейт. М. б-нын негизги изилдөө объектиси - клетка ядросу, ми­тохондрия, рибосома, хромосома, ошондой эле вирус­тар, бактериофагдар ж. б. Биохимия, биофи­зика жана биоорг. химия, молекулалык генетика менен ты­гыз байланышта. М. б-нын илим катары ка­лыптанышы 1953-ж. англ. илимпоздор Ж. Уот­сон менен Ф. Крик дезоксирибонуклеин кислота­сынын (ДНК) структуралык түзүлүшүн ачкандан кийин башталды. Бул ачылыш генетикалык информа­цияны алып жүргөн ДНКнын структуралык түзүлүпгүн, анын биол. функциясын мүнөздөгөн. М. б-нын жетишкендиктери: ДНКнын жана ви­рустардын структурасынын, генетикалык коддун ачылы­шы, гендерди бөлүү, гендин химиялык жана биол. син­тези, гендерди бир организмден экинчиге кото­руштуруу ж. б. Анын биринчи иретте чечүүчү маселелери - тукум куума ооруларды алдын алуу, биол. катализдин, башкача айтканда ферменттердин, гормондордун, уу заттардын жана дарылардын таасиринин молекулалык механизмин билүү ж. б. Акыр­кы жылдары М. б-нын дагы бир бөлүгү - гене­тика инженериясы калыптанды.

Ац: Бреслер С. Е. Введение в молекулярную био­логию, 3-е изд., М.; Л., 1973; Зенгбуш П. Молеку­лярная и клеточная биология. М., 1982. Т. 1—3; Моле­кулярная биология клетки. М., 1986-1987. Т. 1-5. Рис Э., Стернберг М. Введение в молекулярную биологию: От клеток к атомам. М., 2002.