МОЛДОБАЕВА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска
МОЛДОБАЕВА Марина Сатаровна [1953-жылы туулган, Фрунзе обл., Кант р-ну (азыркы Чүй обл., Ысык-Ата р-ну), 1-Май айылы] - медицина илимдеринин доктору (1993), проф. (1997). КММИни (1975), ошол эле жерде аспирантураны (1980), СССР МИАнын Эндокринология илимий борборунда докторантураны (1993) бүтүргөн. 1996-жылдан КММАда ассистент, кафедра башчысы болуп иштейт. Ички оорулар жана эндокринология, гастроэнтерология боюнча адис. КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин башкы эндокринологу, Кыргызстан гастроэнтерологдор ассоциациясынын вице-президенти. 150дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монография, 9 метод. көрсөтмө, 1 ойлоп табуусу бар.
Эмг.: Ожирение и сахарный диабет (в соавторстве). Метод. реком. БСУ (ВОЗ), Копенгаген, 1996; Сахарный диабет (в соавторстве). БСУ. Копенгаген, 1996.