МОЛДО НИЯЗ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска
МОЛДО НИЯЗ Эрназар уулу (1823, азыркы Баткен обл., Кадамжай р-ну, Кызыл-Булак деген
жер - 1896, ошол эле жер) - кыргыздын алгачкы жазгыч акындарынын бири; агартуучу жана кыргыз тилинде эң алгач кагазга түшүрүлгөн - «Санаттар» аттуу кол жазма китептин автору. М. Н. өз заманынын билимдүү, араб, фарсы, эски түрк (чагатай) тилдеринде сүйлөй билген инсандарынан болгон. Кашкар ш-ндагы медреседен билим алган. Анын чыгармалары кызыл-суулук кыргыздардан тартып Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Кочкор, Суусамыр, Чүй өрөөндөрүндөгү, Фергана аймагындагы элге кеңири белгилүү болгон. М. Н-дын ырларында өлүм, өмүр, Аалам, жакшылык-жамандык сыяктуу философиялык терең ойлор, ошондой эле 19-к-дын 2-жарымындагы кыргыз жергесиндеги тарыхый шарттар да баяндалган. Санат ырларында 1845-58-ж. Кудаяр хандын кордугуна чыдабаган ферганалык кыргыздардын жер которушу, Кашкарга качып барган кыргыздарга Жакыпбек бийдин көрсөткөн кордугу, 1864-ж. орус падышалыгынын Ташкент, Чымкент ш-н басып алуусу жана Курманжан даткага байланыштуу окуялар чагылдырылган. М. Н-дын адабий мурасын элге жеткирүү демилгеси проф. Б. Юнусалиевге таандык. КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда М. Н-дын өз кол тамгасындагы үч кол жазма китеби жана бир кошок жазылган чоң барак бар, калгандары эл оозунан жыйналган материалдар болуп саналат. Биринчисин К. Сыдыкбаевдердин жардамы менен таап, В. Юнусалиев, үчүнчү кол китепти А. Эркебаев Алайдан А. Азимов деген кишиден алып келип, КР УИАнын Кол жазмалар фондусуна өткөргөн. «Кат» деп аталган жазманы Тил, адабият институту уюштурган экспедициянын мүчөлөрү Айдар Молдодон 1974-ж. алып келип фондуга өткөрүшкөн. Аларды тартипке келтирип, 0. Сооронов «Молдо Нияз: Санат дигарастар» деген аталыштагы китепти 1993-ж. жарыкка чыгарган.