МОЛДАКМАТОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска
МОЛДАКМАТОВ Асанбек (9. 8. 1923, азыркы Чүй обл., Аламүдүн (азыркы Кант) р-ну, Байтик (мурунку Орто-Алыш) айылы - 10. 8. 1993, Бишкек) - алгачкы театр сүрөтчүсү, живописчи, Кыргыз ССРинин исквого эмг. сиң. ишмери (1963).

Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын (1941), Ленинграддагы Репин атындагы сүрөт академиясын бүтүргөн (1953). Улуу Ата Мекендик согушка катышкан (1942-43). Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында сүрөтчү-коюучу (1953-71), ошондой эле учурда респ-канын эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө башкы сүрөтчү (1954-56), Фрунзе ш-нын башкы сүрөтчүсү (1971-75) болуп иштеген. Ал театрда ЗОдан ашуун спектаклди жасалгалаган, анын ичинде опералар - «Ажал ордуна» (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере), «Демон» (А. Рубинштейн), «Жаш жүрөктөр» (М. Абдраев), «Лакме» (Л. Делиб), «Ак-шумкар» (С. Ряузов), «Тоска» (Ж. Пуччини), «Кармен» (Ж. Бизе), «Олжобай менен Кишимжан» (М. Абдраев) ж. б.; балеттер - «Анар» (В. Власов, В. Фере), «Корсар» (Л. Делиб), «Ак куу көлү» (П. Чайковский), «Куйручук» (К. Молдобасанов) ж. б.; комедиялар - «Бойдоктор» (А. Аманбаев), «Аршин мал алан» (У. Гажибеков), «Аста секин, колукту» (Н. Давлесов). Живописчи катары пейзаждык жана портреттик чыгармаларды жараткан. Кыргыз жайлоолорунун кооздугун чагылдырган пейзаждары: «Аламүдүн капчыгайы» (1948), «Тамга» (1954), «Жети-Өгүз аскалары» (1957), «Ысык-Көл таштары» (1965), «Жайлоодо» (1967) ж. б. 3. Кайназарова, Т. Бокчубаев ж. б. эмгек эпкиндүүлөрүнүн, Байтик баатыр ж. б. инсандардын портреттерин тарткан. «Ардак Белгиси», 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган.