МОЙДУНОВ Эрмек: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска
МОЙДУНОВ Эрмек (10. 8. 1945-жылы туулган, Ош. обл., Кара-Суу р-ну, Жапалак айылы) - ырчы, КР эл арт. (1994). М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореогр. окуу жайында окуган (1962-67), Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн (1977). 1967-жылдан Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясы-

нын Ч. Кожомжаров жетектеген эстрада ансамблинде, 1970-жылдан К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде, 1994-99-ж. филармонияда солист, директордун орун басары, 1999-2012-ж. Кыргыз Улуттук
консерваторияда окутуучу болуп иштеген. Алгач 1967-ж. обончу А. Атабаевдин «Эне жөнүндө баллада» аттуу ыры менен белгилүү болгон. Ырчы М. Рыскулбеков(«Эстеэнелер», «Сапарлашыма», «Саргарган гүл», «Күтүү вальсы»), Т. Казаков («Эстелик», «Шумкар»), С. Жумалиев («Сен менин жазылбаган ырларымсың», «Кетпейм сага жолукмайынча»), К. Молдобасанов («Жайлоодо»), А. Огомбаев («Күйдүм чок»), 3. Иманалиев («Накинай») ж. б. обончу, композиторлордун ырларын чоң чеберчиликте аткарган. СССРдин союздук респ-ларында жана көптөгөн чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Медалдар менен сыйланган.