МОГАДИШО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 04:00 учурдагы нуска
МОГАДЙШО, Могадишу — Сомалинин борбору жана башкы порту. Бенадир обл-нун администрациялык борбору. Инди океанынын жээгинде, өлкөнүн батышында жайгашкан. Калкы 1,5 миллион (2012). Жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн саясий жана маданий очогу. М. болжол менен 10- к-да негизделген. Кийин Инди океанынын алабындагы маанилүү соода борбору болгон. Тамак-
аш, булгаары-бут кийим, металл иштетүү, жыгаччылык ө. ж. бар. 12-к-дан 17-к-га чейин Могадишо мамлекетинин, 1905-ж. Италия басып алгандан кийин Италиянын Сомалидеги аймагынын, 1960-жылдан Сомали Респ-нын борбору. 17-к-даОман султандыгынын, 19-к-да Занзибардын курамына кирген. 20-к-дын ортосунан заманбап курулуштар курула баштаган. Улуттук университет (анын астында китепкана), Вакцина жана кан сары суусу (сыворотка) институту, коллеждер (анын ичинде ислам динин окутуу, ветеринария, индустрия жана саламаттык сактоо ж. б.) жана медицина жана тропика коому иштейт. Улуттук музей, мечит (18-к.) бар. Гарес ак сарайындагы музей (19-к.) туристтердин кызыгуусун арттырат. 9-10-к-да негизделген.
