МУУН АЛМАШУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МУУН АЛМАШУУ омурткасыз жаны­барларда - бири бири менен морфол. жана физиол. өзгөчөлүктөрү, жашоо-тиричиликтери жана көбөйүү жолдору боюнча айырмаланган тукум муундарынын алмашуусу. М. а-нун метагенез жана гетерогония жолдору бар. Метагенез­жыныссыз көбөйүүдө эки же андан көп муун­дун алмашуусу. Мындай М. а. айрым жөнө­көйлөрдө - ичеги көндөйлүүлөр, курттар жана кээ бир хордалууларда байкалат.

Гетерого­н и я г а - түрдүү жыныс формаларынын муун алмашуусу мисал болот. Ал көпчүлүк жалпак жана жумуру курттарда ж. б. кездешет. Ө с ү м­дүктөрдө М. а. - өнүгүү циклинде бир эле өсүмдүктүн эки тукумунун бирөө жыныстык көбөйүү органын (гаметофит), экинчиси жыныс­сыз көбөйүү органын (спорофит) пайда кылат. Ал - көпчүлүк татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн (жөнөкөй түзүлүштүүлөрдөн балырларда гана) касиети. Папоротник, кырк муун ж. б. жыныс­сыз муун спорофитте споралар пайда болот. Споралар шамал аркылуу таралып, алардан жаңы жыныс мууну өөрчүйт.