МУТАГЕНЕЗ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска
МУТАГЕНЕЗ (мутация жана ...генез) - организмде тукум куума өзгөргүчтүк - мутациянын пайда болуу процесси. М-дин негизин тукум куугуч информацияны сактоочу нуклеин кислоталарынын молекуласындагы өзгөрүүлөр түзөт. Мындай өзгөрүүлөр гендик мутациялар же хромосомалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында пайда болот, ошондой эле клеткалардын бөлүнүү мезгилинде митоздук аппараттын бузулушунан да болушу ыктымал. Нуклеин кислоталарынын (ДНК, РНК) бузулушу углевод фосфаттын ажырашына, нуклеотиддердин жоголушуна же болбосо азоттук негиздердин өзгөрүүсүнө байланыштуу. Нуклеотиддер кошулуп же түшүп калса, генетикалык информация туура эмес берилет же өзгөрөт. М-дин жүрүшү түрдүү мутагендерде ар түрдүү болот. Ультракызгылт көк нурлар атомдордун электрондук кабыкчасын дүүлүктүрүп, нуклеин кислоталарында химиялык реакцияларды пайда кылат да, мутацияга алып келет. Айрым мутагендер цитоплазмалык аппараттын түзүлүшүн бузат, хромосомалар бир-бирине жабышып, полиплоиддик организмдерди түзөт, кээде хромосомалар туура эмес бөлүнүп, анеуплоидияны жаратат. Селекцияда М. жаныбардан, өсүмдүктөн жана микроорганизмден пайдалуу мутанттарды алуу үчүн колдонулат.