МУСАКОЖОЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска

МУСАКОЖОЕВ Шайлобек (28. 10. 1937-жылы туулган, азыркы Нарын обл., Жумгал р-ну, Базар-Турук айылы) - экономист, экономика илимдеринин докто­ру (1973), проф. (1984), КР УИАнын корр. мүчөсү

(2010), КРдин эмг. сиң. эко­номисти (1995). 1959-ж. КМУнун экономика факультетин (1959) жана Ленинград (Санкт-Петербург) финансы­экономикалык институтунун аспиранту­расын (1964) бүткөн. КМУ­да экономика факультетинин дека­ны (1964-74), КР Финансы министрлигинде Экономика жана эсептөө борборунун ди­ректору (1976-98), Мамлекеттик инновациялык технологиялар борборунун гене­ралдык директору (2001-2005), 2008-жылдан КРдин Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги ал­дындагы Экономикалык стратегия борборунун директо­ру. 400дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 80 моно­графия) автору. КР Инженердик академиясынын ака­демиги (1996), Россия Жаратылыш жана коом боюнча эл аралык ИАнын академиги (1997), КР­дин ишкерчилик академиясынын академиги (2009).

Эмг.: Закономерности роста эффективности основных фондов сельского хозяйства. Л., 1972; Методика раз­работки индикативных планов-прогнозов экономи­ческого и социального развития. Б., 1995; Основы инновационной экономики. Б., 2005; Введение в экономику. Б., 2008.