МУСА Баетов: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МУСА Баетов (1902, азыркы Нарын обл., Ак­Талаа р-ну, Байгөнчөк кыш. - 9. 5. 1949, Фрун­зе) - ырчы, обончу, Кыргыз ССР эл арт. (1939). Нарын ш-дык радиосунда (1931- 34), Кыргыз мамлекеттик филар­мониясында (1936-49) со­лист болуп иштеген. Тубаса мукам үнү менен жаштайынан элдик ырларды («Сары-Ой», «Жароокер», «Арпанын Ала-Тоосунан», «Ак Зый­нат») чебер аткарган. М. жө-

нөкөй аткаруучудан профессионал опералык ыр­чыга чейин өсүп, «Манас» операсында Алмам­бет менен Сыргактын, «Айчүрөктө» Күлчоронун партияларын ырдаган. Ал таланттуу обончу да болгон. Алгачкы обондору («Даанышман», «Ой­гоном») элдик ырлардын духунда жаралса, ки­йинки чыгарган обондорунан («Эр Панфилов», «Майдангачыкты маршалдар», «Бакыт», «Тут­кун ыры» ж. б.) анын чыгармачылыгына профессио­нал музыканын таасири тийгени байкалат. «Окудум борбор шаарынан», «Сагынам», «Кыз­дар ай», «Алма алам» деген ырлары өзгөчө көркөмдүк сапатка ээ. М. комузда, домбрада, гармондо эркин ойной билген, ырларын ошол аспаптардын коштоосу менен аткарган. М. «Сарт калмак», «Кургур ай», «Ох-хой», «Ак-Сайдын күйгөнү», Боогачынын «Үкөй», Эсенаалынын «Ойтобо», Токтогулдун «Кербезим», «Келгенде­ги кербезим», Атайдын «Ой булбул» ж. б. эл­дик жана автордук ырларды зор чеберчиликте ат­карган. М-нын аткаруусундагы элдик жана зал­кар обончулардын ырларын музыка изилдөө­чүлөр А. Затаевич, В. Виноградов нотага түшүр­гөн. Музыка изилдөөчү Б. Алагушов М-нын «Ар­панын Ала-Тоосунан» (2002) аттуу обондуу ыр­ларынын жыйнагын түзүп, жарыкка чыгарган. Орто Азия жана Казакстан ырчыларынын конкур­сунда М. биринчи байгени алган (1944). М-нын ысмы Нарындагы маданият үйүнө, Бишкек ш-нда­гы көчөгө, Ак-Талаа р-нунун борборуна, туул­ган жериндеги мектепке берилген. Эмгек Кы­зыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана ме­далдар менен сыйланган.