МУРУН БҮТҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МУРУН БҮТҮҮ, р и н и т - мурундун былжыр челинин сезгениши; мурундан суюктук көп чы­гып, дем алуу кыйындайт. Катуу кармаган жана өнөкөт түрү бар. Катуу кармаган М. б. микроб козгогон өз алдынча оору; кээде айрым жугуш­туу же аллергиялык оорулардын белгиси ката­ры пайда болот. Суук тийүү мурундун бүтүшүнө түрткү болот. Катуу кармаганда оорулуу чүчкүрө баштайт, тамагы, кеңилжээри кычышып, кээ­де дене ысыйт. Андан кийин мурундан суу агып, үнү өзгөрүлөт, жыт сезбей калат. Чеке же көз чарасы ооруйт. Айрыкча эмчектеги балдарда оор өтөт. Мурун менен дем алуунун кыйындашы ба­ланын абалын начарлатат. Алардын мурду бүт­көндө сезгенүү кулак, тамак, бронхторго, өпкөгө чейин таралышы мүмкүн. Өнөкөт түрүнө катуу кармаган М. б-нүн бат-бат кайталанышы, мурун­дун былжыр челин чаң жана газ дайыма дүүлүк­түрүүсү, аденоид, мурун сөөгүнүн кыйшайышы, мурундун кошумча кобулдарынын ириңдүү сез­гениши (гайморит) ж. б. себеп болот. Нерви бош жана жытты өтө сезгич адамдарда аллергиялык М. б. кездешет. Дарылоону врач жүргүзөт. Был­жыр челдеги шишикти азайтуу жана дем алууну жакшыртуу үчүн кан тамырды тарытуучу суюк дарыларды мурунга тамызуу керек. Чандуу жер­де иштегендерге бет кеп кийүү сунуш кылынат.