МУКАШЕВ Болот: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МУКАШЕВ Болот [1903, Жети-Суу обл., Пишпек уезди, Чүй болушу, Сын-Таш айылы (азыркы Чүй обл., Чүй р-ну, Сын-Таш кыш.) - 1943, Новгород обл., Паддар р-ну, Калиновка кыш.] - Кыргызстанда совет бийлигин чыңдоого активдүү катышкандардын бири. Майор. 1920-ж. Кызыл Армиянын катарына чакырылган. 1922-ж. Ленинград музыкалык аскер мектебин, 1927-ж. Орто Азия бириккен аскер мектебин (В. И. Ленин атындагы) бүтүп, Кыргыз атчандар дивизионунда взвод командири болгон. 1930-ж. Кызыл-Жар, Чаткал, Талас, Алай, Гүлчө өрөөндөрүндө басмачыларды талкалоого активдүү катышкан. 1933-41-ж. Кыргыз атчандар полкунун командиринин орун басары, штаб начальниги, Сокулук р-ндук аскер комиссары. Улуу Ата Мекендик согушка 1941-ж. октябрдан катышып, атчандар дивизионунун, полкунун командири, байланыш бөлүмүнүн начальниги. Түштүк-Батыш фронтто душманга каршы салгылашта курман болгон. 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени менен сыйланган.