МУГКАНА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска

МУГКАНА - 1) отко сыйынуучулардын ыйык үйү; 2) үстү кумпалуу, боз үй түрүндө таштан курулган, эшиги тар күмбөз (биздин заманга чейинки 2-к. - биздин замандын 6-7-к). Бир үй-бүлө мүчөлөрү мончок, сөйкө, бычак, жебе, карапа идиштер менен бирге коюл­ган. Дубалынын түп жагынын калыңдыгы 2,5- 5 м, эшигинин туурасы 70 см. М-ын диаметри 4-15 м, уз. 3-9 м, туурасы 2-6 м, бийикт. 2,4- 3,5 лгге чейин жетет. Фергана өрөөнүнүн түндүгүн­дө, негизинен Ала-Бука жана Аксы аймактарын­да, Наманган обл-нун Кара-Мазар тоосу менен Ку­рама тоо кырларында (Гава-Сай, Көк-Серек, Сум­сар жана Касан капчыгайларында, Кызыл-Жар, Орто-Суу өрөөнүндө) кездешет. Бул жерлерде 200дөн ашык М. казылган. Алар чала көчмөн тоолук малчыларга таандык. Бул урууларды эфталиттер менен байланыштырышат. Проф. Г. А. Пугаченкова М-ы казак, кыргыз күмбөз­дөрүнүн алгачкы түрү деп болжолдойт. Ала-Бука р-нундагы М-ларды 1951-ж. археолог А. К. Ки­биров, 1955- жана 1974-ж. археолог Ю. А. Зад­непровский изилдеген. Терек-Сай шаарчасына жакын, Орто-Токой кыш-нда Касан-Сай суу­сунун оң өйүзүндө Чычырканак дөбө-мүрзө­лөрүнөн да М-лар табылган. Түндүк Чыгыштагы эң четки М-лар тобу Пачата (Аксы) суусунун жогорку бөлүгүндө кезигет. Казылган М-лар биздин замандын 1-к-на таандык. Мындай таш мүрзөлөр кыргыз­дарда корум же корумдап (сөөк, өлүк) коюу деп аталат. Ферганалык тажиктер «корумб» - «үйүлгөн таш» деп аташкан. 19-к-да фергана­лык өзбектер «курум» же «гурум» дешкен. Атал­ган корум-мүрзөлөрдүн атайын жасалган эши­ги болгон. Корум-мүрзөлөрдү жергиликтүү калк мугдар­дын (эл) үйү же мугдардан калган калдык деп эсептешип, тажиктер көбүнчө «ханам-муг» деш­се, өзбектер «муг-хана», ал эми кыргыздар «мык» (мыктын үйү) деп аташкан. Чоң Алай­да, Тажикстандын Жерге-Тал р-нунда «муг» сөзү менен байланышкан кыргызча «Кара-Мык» топо­ними кездешет. Уламыштарда Фергана мугда­ры күчтүү жана мээнеткеч кишилер катары даңа­заланышкан. Илимде «муг» аталышы авеста­лык «могу», байыркы персче «магу», согдалык «мог» - «отпарас» деген түшүнүктөн келип чык­кан деп эсептелинет. Кийинки мезгилдеги изилдөөлөр далилдегендей Чыгыш Ферганада Чуст доорунда зардалчылыктын (зороастризм­отпарастык дининин) жергиликтүү варианты пайда болуп, ал ислам дининин таралышынын алдын­да гүлдөп өнүккөн. Демек, муг тургундары ис­лам дини таралганга чейинки отпарастык ише­нимде турушкан жергиликтүү калкты түшүндүргөн. Аксы р-нунун борбору азыркы Кербен ш-нын 7- к-да жашаган легендарлуу башкаруучусу Кер­ван-Баш да муг элинен чыккан делинет. Демек,

мугдар отпарастык ишенимде туруп, мусулман динине кирбей, арабдарга көпкө чейин каршы­лык кылышкан ферганалык жергиликтүү тургундар болушу мүмкүн. Т. Кененсариев.