МОХАММЕД РЕЗА ПЕХЛЕВЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска
МОХАММЕД РЕЗА ПЕХЛЕВЙ (26. 10. 1919, Иран, Тегеран - 27. 6. 1980, Египет, Каир) - Ирандын акыркы шахы (1941-79). 1925-30-ж. Персия кадет корпусунда, кийин Швейцариядагы ТпзШи! Бе Козеу мектеп-пансионунда, 1936- 38-ж. Тегерандагы офицердик окуу жайында окуган. 1941-ж. англ. жана советтик аскер күчтөрү Иранды оккупациялап, М. Р. П-нин атасы Реза Пехлеви тактан кетип, сүргүнгө айдалганда, М. Р. П. Ирандын шахиншахы деп жарыяланган. Өзүнүн өкмөтү менен бирге Улуу Британия жана СССР менен достук мамиле түзөрүн билдирип, 1942-ж. алар менен союздук келишимге кол койгон. 1943-ж.

9-сентябрда шах өзүнүн жарлыгы менен Германияга согуш жарыялаган. 1953-ж. шах премьер-министр Мосаддыкты кетирип, бийликти толугу менен өз колуна алган. 1955-ж. Ирандын Багдад пактысына (СЕНТО) кошулгандыгы жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Шах Перс булуңундагы монархияларды колдоп турган. Йемендеги жарандык согуштун учурунда (1962-70) монархисттерге, 1973-ж. Оман өлкөсүнө жардам көрсөткөн. СССР менен достук мамиледе болгон. 1956-, 1965- жана 1972-жылдары
М. Р. П. СССРге келип кеткен. 1963-, 1966- жана 1972-ж. Иран менен СССРдин ортосунда экономикалык жана техникалык чөйрөдө кызматташуулар боюнча келишимдер түзүлгөн. 1973-ж. шахтын буйругу менен Иранда авторитардык бир партиялуу режим киргизилгенетикалык 1979-ж. Ислам Иран революциясынан (1979) кийин Ирандан куулган.