МОСОЛОВА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МОСОЛОВА Любовь Михайловна (16. 11. 1943- жылы туулган, Ысык-Көл обл, Жети-Өгүз р-ну, Жууку капчыгайы) - искусство таануу илимдеринин доктору (1992). Ленинград мамлекеттик университетинин тарых факультетин­деги искусство тарыхы бөлүмүн (1966), Анын Ичинде Гер­цен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университетинин аспиран­турасын бүтүрүп (1972), ошол эле жерде филосо­фия кафедрасынын ассистенти (1972), доценти (1976), 1982-жылдан эстетика жана искусство таа­нуу кафедрасынын доценти, көркөм-графика факультетинин деканы (1979-85), улук илимий кызмат­кер (1985-87), 1988-жылдан кафедра башчысы. КРдин Көркөм сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1998), РФ Жогорку мектебинин эмг. сиң. кызматкери (2004). Россия гуманитардык ИАнын анык мүчөсү (1996) жана Эл аралык чыгармачылык академиясынын корр. мүчөсү (2008). 200дөн ашык илимий, окуу-методикалык эмгектин автору. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйлан­ган.

Эмг.: Изобразительное искусство Кыргызстана. Ф., 1987; История искусства Кыргызстана с древнейших времён до XX века. Б., 2010.