МОСКАЛЕНКО: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МОСКАЛЕНКО Иван Васильевич [1912, Пишпек уезди, Георгиевка кыш. (азыркы Казакстан, ) Жамбыл обл., Курдай р-ну) - 16. 11. 1941, Волокаламский р-ну, Нелидово кыш.] - Советтик Союз.
Баатыры (1942). Согушка чейин Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз р-нундагы байланыш бөлүмүндө эсепчи болуп иштеген. 1941-ж. июлдан Советтик Армияда. Ошол эле жылы согушка кирген. Улуу Ата Мекендик согушта 1075-аткычтар полкунда

(Батыш фронттун 16-армиясынын 316-аткычтар дивизиясында) кызмат кылган.
1941-ж. 16-ноябрда душман Москваны көздөй чабуулга өткөндө Волоколамский шоссеси
багытындагы Дубосеково разъездин коргоочулар менен бирге (атактуу 28 панфиловчулардын катарында) эрдик көрсөткөн. Москва обл-нун Волоколамский р-нунда саясий жетекчи В. Г. Клочковдун башчылыгы астында жоокерлердин тобу менен душмандын 18 танкасын жок кылган. Салгылашта баатырларча курман болгон. Ленин ордени менен сыйланган. Бишкек ш-нда Жаш гвардия проспектисиндеги «Баатырлар аллея- г; сында» анын бюсту орнотулган. Баатырдын аты
деңиз флотунун кемесине берилген. Демидов айлында баатырларга арналган музей бар.
Баатырдык көрсөткөн жеринде мемориал
орнотулган.