ГҮЛЧӨ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
'''ГҮЛЧӨ ''' – Ош | '''ГҮЛЧӨ ''' – Ош облусундагы Алай районунун борбору, кыштак. Гүлчө айыл округуна караштуу. Ош – Хорог автомобиль жолунун жана Гүлчө суусунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1600 ''метр'' бийиктикте жайгашкан. Ош шаарынан 85 ''километр'' түштүк-чыгыш тарапта. Кыштак 1870-жылы отурукташкан. Калкы 13,0 миӊ (2009). Гүлчө акционердик коому, май заводу, нан комбинаты иштейт, төрт орто мектеп (анын ичинен 2 лицей), балдардын чыгармачылык борбору, бала бакча, маданият үйү, музей, китепкана, оорукана, тиш дарылоо кабинети, үй-бүлөлүк врачтар тобу, эс алуу жайлары, мончолор бар. Кыштактын аймагында биздин замандын алгачкы кылымдарына таандык ''Гүлчө-Дөбө'' археологиялык эстелигинин калдыктары сакталган. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
22 май 2024, саат 03:19 учурдагы нуска
ГҮЛЧӨ – Ош облусундагы Алай районунун борбору, кыштак. Гүлчө айыл округуна караштуу. Ош – Хорог автомобиль жолунун жана Гүлчө суусунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1600 метр бийиктикте жайгашкан. Ош шаарынан 85 километр түштүк-чыгыш тарапта. Кыштак 1870-жылы отурукташкан. Калкы 13,0 миӊ (2009). Гүлчө акционердик коому, май заводу, нан комбинаты иштейт, төрт орто мектеп (анын ичинен 2 лицей), балдардын чыгармачылык борбору, бала бакча, маданият үйү, музей, китепкана, оорукана, тиш дарылоо кабинети, үй-бүлөлүк врачтар тобу, эс алуу жайлары, мончолор бар. Кыштактын аймагында биздин замандын алгачкы кылымдарына таандык Гүлчө-Дөбө археологиялык эстелигинин калдыктары сакталган.