МОНБЛАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска

МОНБЛАН (фр. Моп1 В1апс, итал. Моп1е В1ап­со) - Батыш Европадагы эң бийик тоо массиви жана чоку (4807 м); Франция менен Италиянын чек арасында. Уз. 50 км. Гранит, гнейс, кристалл­дык сланец тоо тектеринен түзүлгөн. Өтө тил­меленген альп тибиндеги рельеф мүнөздүү. Кар чеги 2850-3100 м бийиктен өтөт. По жана Рона д-нын суу бөлгүчү. Мөңгүлүү (аянты 200 км2ден ашык; ири мөңгүсү - Мер-де-Глас). Альпинизм, туризм өнүккөн. Астрономиялык жана метеорол. обсерва­ториялар иштейт. М-дагы тешкен тоо (тоннель уз. 11,6 км) аркылуу Францияны Италия менен байланыштырган автомобиль жолу өтөт.