МОЙТ АКЕ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МОЙТ АКЕ Алдаяр уулу (1750-1843, Ысык-Көл өрөөнү) - чечен, даанышман, ойчул, сынчы, мүнүшкөр. Ал аба ырайынын кандай болорун алдын-ала айта алган тубаса астроном болгон. Арабча жаза да, окуй да билген. Ал ошондой эле ар кандай дарттын дабасын таамай билген табыпчылыгы болгон. «Ырыс алды - ынтымак», «Ынтымагы бар элдин, айсыз кара түндө да, асманында күн турат. Ынтымагы жок элдин балдары иттей ыркырап, ачык-жарык күндө да, асманында түн турат» ж. б. нуска сөздөрү кылымдан кылымга-өтүп, эл оозунда айтылып, учурда да актуалдуулугун жоготпой келет.
К. Асанбеков.