МОДЕЛЬ (жалпы түшүнүк): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МОДЕЛЬ (фр. modèle, латынча modulus - чен, үлгү) - 1) кандайдыр бир буюмдун же констр-янын массалык даярдоого арналган үлгүсү (эталон, стандарт); буюмдун маркасы, тиби; 2) формасы башка материалдан алынуучу (мисалы, куюу жолу менен) буюм (жеңил иштетилүүчү материал); мындай М-дин түрлөрү - лекала, үлгү, плаз; 3) и скусстводо сүрөтчүгө кандайдыр бир чыгарманын сүрөтүн тартып алууда белгилүү абалда турган адам же сүрөткө тартылуучу предмет («натура»). Катуу материалга которулуучу, куюу же чоңойтуу үчүн жасалган бедизде гипстен жана ылайдан же момдон жасалган түп нусканын өзү, кичирээк масштабда жасалган эстеликтин кайталанган сөлөкөтү М. деп аталат; 4) илимий, өндүрүштүк (сыноо учурунда) же спорттук максаттарда кандайдыр бир башка («моделденүүчү») түзүлүштүн кичирейтилип жасалган көчүрмөсү; 5) кеңири мааниде - кандайдыр бир объектинин, процесстин же кубулуштун (берилген М-дин «оригиналы») каалаган улгүсү (ойдогу же шарттуу түрдө: сүрөт, түшүндүрмө, схема, чийме, график, план, карта ж. б.); ал анын «орун басары», «өкүлү» катары пайдаланылат; 6) т и л илиминдеги М,- кандайдыр бир тилдин өтө жалпы мүнөздөмөлөрүн көрсөткөн кандайдыр бир системанын (фонол., грамматикалык ж. б.) эталонунун же үлгүсүнүн абстракттуу түшүнүгү: тил же анын кандайдыр бир системаларынын бөлүктөрүн түшүндүрүүнүн жалпы схемасы.