МИЯНРУДАН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МИЯНРУДАН, Миёнрудон - Нарын жана Кара-Дарыя (Эки-Суу) аралыгынын орто кылымдагы аталышы. Буга азыркы Кетмен-Төбө өрөөнү да кирген. М. жөнүндө маалымат негизинен 10- к-дагы араб-фарсы тилинде жазылган эмгектерде (Истахринин «Китаб масалик ал-мамалик», «Худуд ал-Алам» ж. б.) кезигет. Араб саякатчысы ал-Мукаддаси өз чыгармасында («Ахсан ат-такасим фи марифат ал-акалим») М-да жайгашкан 9 шаарды (Насрабад, Манара, Ранжад (Ренжед), Шикит, Заркан, Хайралам, Башбашан, Уштикан, Узкенд) көрсөткөн. Аймактын борбору Нарын (Хайлам) д-нын боюндагы чоң мечити бар Хайралам (Хайлам, Хатлам) ш. болуп, ал Кетмен-Төбө өрөөнүнөн орун алган. Кытайга каттаган Улуу Жибек жолунун эки айрылышында (Ош, Аксыкент) жаткандыктан, М. саясий жана экономикалык жактан өтө маанилүү болгон. Тарыхый-археол. жактан көптөгөн эстеликтер калган.
Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1., Б., 2003.