МУУНДАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска
МУУНДАР - омурткалуулардын сөөктөрүнүн (же кемирчектеринин) бири-бири менен кыймылдуу жана кыймылсыз бириккен жерлери. М. түзгөн сөөктүн учу кемирчек менен капталып, анын бети өтө жылмакай болот. М. түзө турган сөөктөрдүн учтарынын бири ойдуңча, экинчиси урчук сымал келип, бири-бирине ашташып, сыртынан жаргак сымал чел кабыкча менен капталган. Кабыкчанын ичи М. көңдөйүн түзөт да, анын ичи бир аз шилекей сымал суюктук менен

толгон. Ошондуктан М. ар кандай татаал кыймылдарды жеңил аткарат. Эки сөөк кошулган жер - жөнөкөй (ийин, жамбаш), бир нече сөөк бириксе татаал (чыканак, тизе) М. деп аталат. Ар бир М. кабынын сыртында М. байламталары болот. Алар М-ду ажыратпай кармап турат. М. кабы сырткы жана ички чел кабыкчасынан турат. Ички чел кабыкчада көп сандаган кан тамырлар жайгашкан. Ички чел кабыкчасы бөлүп чыгарган суюктук кыймыл учурунда М. түзүүчү сөөктөрдүн ашташкан беттеринин ортосундагы сүрүлүүнү жоготуп, жеңил кыймылдоого шарт түзөт. Ашташкан сөөктөрдүн санына, М. беттеринин формасына жана М-дагы кыймыл окторунун санына жараша М. ар кандай түргө бөлүнөт. М. беттери тоголок, эллипс, цилиндр ж. б. формада болот. Цилиндр формасындагы М. бир гана кыймыл огунун айланасында, эллипс формасындагы эки, ал эми тоголок (шар) формасындагы М-да үч кыймыл огунун айланасында кыймыл жасоого болот.
чөкчөсү. 1'