МУУНДАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МУУНДАР - омурткалуулардын сөөктөрүнүн (же кемирчектеринин) бири-бири менен кыймыл­дуу жана кыймылсыз бириккен жерлери. М. түзгөн сөөктүн учу кемирчек менен капталып, анын бети өтө жылмакай болот. М. түзө турган сөөктөрдүн учтарынын бири ойдуңча, экинчиси урчук сымал келип, бири-бирине ашташып, сыртынан жаргак сымал чел кабыкча менен кап­талган. Кабыкчанын ичи М. көңдөйүн түзөт да, анын ичи бир аз шилекей сымал суюктук менен

Тизе мууну: 1 - кашка жи­лик; 2 — жото жилик; 3 - бай­ламта менен кошулган сөөктөр;4 - байламта; 5 - тизе чөй-

толгон. Ошондуктан М. ар кандай татаал кый­мылдарды жеңил атка­рат. Эки сөөк кошулган жер - жөнөкөй (ийин, жамбаш), бир нече сөөк бириксе татаал (чыка­нак, тизе) М. деп аталат. Ар бир М. кабынын сыр­тында М. байламталары болот. Алар М-ду ажы­ратпай кармап турат. М. кабы сырткы жана ички чел кабыкчасынан турат. Ички чел кабыкчада көп сандаган кан тамырлар жайгашкан. Ички чел кабыкчасы бөлүп чыгарган суюктук кый­мыл учурунда М. түзүүчү сөөктөрдүн ашташкан беттеринин ортосундагы сүрүлүүнү жоготуп, же­ңил кыймылдоого шарт түзөт. Ашташкан сөөк­төрдүн санына, М. беттеринин формасына жана М-дагы кыймыл окторунун санына жараша М. ар кандай түргө бөлүнөт. М. беттери тоголок, эллипс, цилиндр ж. б. формада болот. Цилиндр формасындагы М. бир гана кыймыл огунун ай­ланасында, эллипс формасындагы эки, ал эми тоголок (шар) формасындагы М-да үч кыймыл огунун айланасында кыймыл жасоого болот.

чөкчөсү. 1'