МУТАНТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска

МУТАНТ - организмдин мутациянын натый­жасында тукум куума өзгөрүлгөн формасы. М. мутагендердин таасири менен ички өзгөрүүдөн (спонтандуу) пайда болот. Көпчүлүк М. өзү пай­да болгон организмден (жапайы формасынан) айырмаланат, демейде ар кандай структурала­ры жана функциялары бузулгандыктан, тиричи­ликке жөндөмү төмөн болот. Чанда селекция­лык максаттагы демейдеги чөйрөдө (чарбалык баалуу белгилерин жасалма тандоо менен) да болу­шу мүмкүн. Мындай М. өсүмдүктөрдүн жаңы сор­тун, малдын породасын, витамин, амин кислотасы, антибиотик ж. б. биол. активдүү заттарды алуу максатында пайдаланылат. М. генетикада му­тациялык процесстердин закон ченемдүүлүк­төрүн, генетикалык аппараттардын түзүлүшүн жана иш­тешин, ар кандай заттардын биосинтезин ж. б. изилдөөдө пайдаланылат. М. табигый тандалуу­нун баштапкы материалы болгондуктан, эво­люцияда маанилүү роль ойнойт.