МУРЕНАЛАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска
МУРЕНАЛАР (Мигаешбае) — жылан балыктар түркүмүнүн тукуму. Уз. 3 мге чейин жетет. Денеси жыланга окшош, жылаңач. Жон сүзгүчү бакалоор тешигинин алды жагында, көкүрөк сүзгүчү жок. Жаагында курч, узун тиштери бар. Тишинин түбүндө уу бөлүп чыгаруучу бездери жок. Түсү ачык сары же жашыл-күрөң, түрдүү формадагы тактары бар. Юдон ашык уруусу, ЮОдөй түрү тропик жана субтропик деңиздеринде жашайт. Азыгын (балык, кальмар ж. б.) аңдып, кармап жейт. Кээде адамга кол салат. Жер Ортолук деңиз М-сы (уз. 1,5 м, салмагы 6 кгга жетет) желет. Айрым М-дын эти уулуу.