МУКАНОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска
МУКАНОВ Сабит Муканович (22. 4. 1900, азыркы Түндүк Казакстан обл., Жамбыл р-ну, Сабит Муканов атындагы айылы - 18. 4. 1973, Алматы) - казак жазуучусу, коомдук ишмер, казак адабиятын негиздегендерден. Казак ССР ИАнын академиги (1954). Айылдык молдодон кат тааныган. 1918- 19-ж. Омск мугалимдер курсунда окуган.
Оренбургдагы жумушчулар факультетин бүтүп (1926), басма сөздө иштеген. 1928-ж. Ленинград университетинин филология факультетинде, 1933-35-ж. Москвадагы Кызыл профессура институтунун адабият бөлүмүнөн окуган. М. туңгуч поэтикалык чыгармалары («Көнүлүм», 1917; «Боштондук», 1919) менен казак адтына совет заманынын жарчысы катары киргенетикалык М-дун «Табышмактуу желек» (1938) романы, «Ак аюу» (1935) поэмасы, «Майга салам» (1933), «Сөз - Советтик армия» (1934) аттуу ырлары казак адабиятынын өнүгүшүндөгү маанилүү чыгармалардан. «Темир-таш» (1935), «Ботогөз» (1938) романдары менен «Достор» (1937) повести реалист романчы катары тааныткан. «Ботогөздө» казак элинин турмушундагы революциялык кезең чебер сүрөттөлсө, «Сыр-Дарыя» (1947-48) романында Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде оорукта эмгектенген калктын кажыбас кайраты реалдуу көрсөтүлөт. М. - казак элинин жарым кылымдык тарыхын баяндаган «Өмүр мектеби» (1949-53; Абай Кунанбаев атындагы Казак ССР мамлекеттик сыйл., 1967), Ч. Валиханов жөнүндөгү «Өчкөн жылдыз» аттуу таржымал үчилтигинин жана «Сакен Сейфуллин», «Чокан Валиханов» деген пьесалардын автору. Анын казак адабияты менен көркөм сынынын түйүндүү маселелери жөнүндө 200дөн ашык адабий-сын макаласы бар. Эки Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.