МУКАДДАСИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска
МУКАДДАСИ (ал-Мукаддаси, ал-Макдиси) Шамс-ад-дин Абу Абдаллах Мухаммед (946- 1000-ж. чен) - араб географы, тарыхчы жана саякатчы. Иерусалим ш-нда туулуп, М. чыгыштын көп өлкөлөрүн кыдырган. Жейхани, ибн Хордадбек, Фатихтин эмгектерин да пайдаланган. Негизги китеби «Ахсан ат-такасим» же «Климат (өлкөнүн географиялык абалы, өзгөчөлүктөрү боюнча системасы) таануу боюнча колдонмо» деп аталатынча О. Азиянын ар бир шаары, айыл-кыштактарына чейин сүрөттөп, алардагы мектеп, мечит, базар, элдердин кесиби, тили, үрп-адаты тууралуу маалыматтарды калтырган. Кыргыздар жана алардын жашаган аймактары жөнүндөгү баяндамалары өтө кызыктуу. М-ин пикири боюнча Өзгөн жана Хайлам ш. Фергана өрөөнундө жайгашып, анда кыргыздар жашаган. Ош, КубаНеси, Мискан, Жидгил (Чаткал), Насрабад, Чүл (Жиль), Барскан, Аблах, Жамукет, Шелжи, Текабет, Кулан (Куланак), Орду, Баласагын ж. б. шаар, айыл-кыштактар жөнүндө да жазып, алардын негизги калкы кыргыздар экендигин эскерет. 11-12-к-дагы араб окумуштууларынан айырмаланып, М-ин эмгектеринде, айрыкча география боюнча баалуу маалыматтар, кеңири баяндамалар бар. Анын чыгармалары француз, орус ж. б. тилдерге которулган.