МУЗЫКАЛЫК АКУСТИКА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МУЗЫКАЛЫК АКУСТИКА - музыка аткарууга жана баамдоого байланыштуу анын объективдүү мыйзам ченемдүүлүгүн изилдөөчү илим, акустиканын бир түрү. Анда добуштун бийиктиги, катуулугу, тембри (боёгу) жана созулушу, консонанс жана диссонанс, музыкалык система жана түзүлүш изилденет, ошондой эле музыкалык кабылдоону, музыкалык аспаптар менен аспапташтырууну, гармония менен ырчынын үнүн изилдейт. Музыкалык теориянын бир бөлүгү катары М. а. байыртан философтор менен музыканттардын көңүлүн буруп келген. 19-к-да немис физиги жана физиологу Г. Гельмгольц, 20- к-дын башында К. Штумпф жана В. Кёлер (Германия) М. а-нын изилдөө чөйрөсүнө кеңейткен. Радиостудиянын акустикасы, үн жазуу жана көчүрүү студиялары, стереофониялык жазуу ыкмалары иштелип чыгууда. Жалпы физикалык акустика жөнүндөгү маалыматтарга жана ыкмаларга таянат.
Ад.: Алдошина И. А„ Притте Р. Музыкальная акустика. СПб., 2009.