МУЗООКЕ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска
МУЗООКЕ Жаманкара уулу (1800, Нарын өрөөнү, Ак-Талаа р-ну, Куртка айылы - 1878, ошол эле жер) - комузчу, манасчы, акын. Тоголок Молдонун чоң атасы. Кичинесинен элдик күүлөрдү чертип, «Манас» айткан. Элдиккүйгөн, секетпай ырларын ырдаган. Кийин даңкы чыгып атагы алыска тарай баштаган. М. эч кимге жалданып ырдабай, жалаң өнөрү менен жан баккан момун адам болгондуктан, анын азабын да тарткан. Кочкордо бир ашта ырдап жүрсө, өнөрүнө суктанып, эки чоң манап «мен ырчы кылам» деп, талашып ашка жолтоо болушат. КР УИАнын Кол жазмалар фондусундагы маалыматта М-и Чүй жергесине атактуу Бошкой аксакал чакырып, бир айча ырдатып жүрүп, кетеринде «үч тогуз» (27 жылкы), олжо-бутасы менен бутунан башына чейин бир сыйра кийинтип жөнөтөт. «Муңцуукүү», «Коңурказ», «Казбайыр», «Күкүк-Зейнеп», «Үн алыш», «КермеТоо», «Сары-Өзөн», «Кызыл-Кыя» деген ар кыл маңыздагы, ар кандай залкар күүлөрү бар. Анын күүлөрүн Ы. Туманов, Ш. Шеркулов, А. Эшмамбетов ж. б. аткарып, аспаптык музыканы байытууга чоң салым кошкон. М. Арстанбек акын менен айтышка түшүп, ырдан жеңилип, күүдөн жеңип чыккан деген аңыз кеп бар. Т. Сатылганов ага «булбул» ырчы деп баа берген.