МУЗ КАПТОО ДООРЛОРУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МУЗ КАПТОО ДООРЛОРУ - Жердин геол. та­рыхындагы климат өтө суук болуп, материк­тик муздар уюл кеңдиктерин гана эмес мелүүн кеңдиктерди да каптаган мезгилдер. Муз кап­тоолор протерозой заманынын башталышында Түндүк Америка; рифейдин аяк ченинде Австра­лия, Африка; карбондун акыры менен пермдин башында Гондвана материгинде жүргөн.

Ант­ропоген мезгилинде Евразия, Түндүк Америка муз­дун алдында калган. Антарктидада муз азыр­кыдан 300 м калың болгон. Кургактыктын 30% ин муз каптаган. Ал Скандинавия ж. а-нан баштап орус түздүгүнө, андан ары Днепр менен Дондун өрөөндөрүнө, Днепропетровск менен Харь­ковдун талааларына жеткен. Чыгыш тарапта Жаңы-Жер а-нан башталып, Обь суусун муз бөгөп, суу Торгой аркылуу Арал деңизине куй­ган. Германия, Польша, Улуу Британия, Па­мир, Теңир-Тоо, Алтай, Кавказ тоолору муз­мөңгүлөрдүн астында калган. Эң акыркы, 4- жолку Валдай М. к. д. мындан 10-11 миң жыл мурда жүргөн. Муз эрип кеткенден кийин сүрү­лүп жылмаланган, чиймеленген жумуру кой таштар, узатасынан созулуп жаткан жалдар, быткылдуу кокту-колоттор, «кой маңдай таш­тар», «тармал аскалар» калган. Антропоген мез­гилиндеги муз каптоолор так, толук изилденип, муз каптоо теориясы иштелип чыккан.