МУЗ АЯНТ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МУЗ АЯНТ - коньки тебүүгө жана хоккей оюнуна ылайыкталган муз тоңдурулган аянт. Пайдаланылышы боюнча М. а-ы спорттук жана массалык болуп бөлүнөт. Спорттук М. а-ында сабак өтүлөт жана конькиде тез чуркоо, хоккей оюну, фигуралык муз тебүү боюнча мелдеш өткөрүлөт. Массалык М. а. - активдүү эс алуу жайы. Жасалышына жараша М. а. үчкө бөлүнөт: табигый, куйма жана жасалма. М. а. катары өзөндү, көлмөнү, көлдү да пайдаланууга болот. М. а-ындагы муздун калыңдыгы 16 слгден кем болбоого тийиш. Тегиз аянтка, спорт талаасына, стадионго суу тоңдуруп да М. а. жасалат. Мындай жасалма М. а. Алматыдагы Медөөдө курулган. Бул жерде көптөгөн дүйнөлүк жана улуттук мелдештер өтүп келген. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда дагы (Бишкек ш., Каракол ш. ж. б.) фигуралык муз тебүү, хоккей оюндары үчүн М. а-тары бар.