МӨМӨ БАГЫН ЖАШАРТУУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МӨМӨ БАГЫН ЖАШАРТУУ - мөмө багынын жалбырак байлабаган эски бутактарын кыюу; өсүмдуктүн түшум берүү мөөнөтүн узартуу ыкмаларынын бири. Мөмө багынын өсүшу начарлаганда, жоон өркүн, же уюл пайда бблгондо, гул бүчурлөрү өтө көбөйгөндө колдонулат. Көпчулүк учурда 20-25 жылдык алма, алмурут дарактары, 10-15 жылдык кызыл өрүк жана шабдалы, гилас, чие жана кайналы дарактары жашартылат. Мөмө багын бир аз жашартуу, жашартма кыркуу жана өтө жашартууга болот. Бир аз жашартууда мөмө багынын негизги (скелет) бутактары ыңгайлуу жакты көздөй каптал бутагына чейин кыскартылат. Мөмө байлабай, куурай баштаган кезде ж аш а р т м а кыркуу (3-6 жылда бир жолу) ыкмасы колдонулат. Өтө жашартууд а 1-жылы негизги бутактардын 2/3 бөлүгү, кийинки жылдары калган майда бутактары кыркылат. Өтө жашартуудан кийин бир нече өркүндөр өсүп чыгып, 3-4 жылдан кийин жаңы шак пайда болот.