МӨМӨ БАГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МӨМӨ БАГЫ - 1) белгилүү бир жерге отургу­зулган мөмө дарактар; 2) көп жылдык мөмө дарактар отургузулган жер бөлүгү. М. б-нын түшүмдүүлүгү жерге жараша болот. Ошондуктан ар бир чарбада М. б. отургузулуучу жердин ре­льефи, топурагынын курамы, суунун болушу ж. б. ар тараптан изилденип, бактын өндүрүш­түк багыты аныкталат, мөмө сактоочу, иш­тетүүчү ж. б. курулуштарды куруу пландашты­рылат. Өтө эңкейиш, дөңсөө же өтө ойдуң жер­ге М. б-н отургузууга болбойт. Алма, алмурут, чие жана кайналыны рельефтин түндүк же түндүк-ба­тыш жагы, ал эми ысыкта жакшы өсүүчү да­рактарды (мисалы, шабдалы, анжыр ж. б.) түштүк жак эңкейишине отургузган жакшы. Өзгөчө курдүү, борпоң, сууну жакшы сиңирүүчү топу­ракка отургузулган М. б. көп түшүм берет. М. б. отургузулуучу жерде зыяндуу туздар (айрыкча хлорид жана сульфат) болбош керек. Эмен, грек жаңгагы, жапайы алма, алмурут, ошондой эле чанак­туу өсумдүк, уруктуу чөп өскөн жерлерге отур­гузулат. М. б-н отургузууда топурактын, кли­маттын өзгөчөлүгү, көчөттүн породасы, сорту ж. б. эске алынып, ошол зонага райондошту­рулган сорттор гана отургузулат.

Ад.: Основы плодоводства Киргизстана/Под редакциялык Э. 3. Гареева. Ф., 1971.