МОЮЛ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска
МОЮЛ (Рабиз) - өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Анча бийик эмес дарак жана бадал. М-дун 15 (башка маалыматтар боюнча 27) түрү белгилүү. Негизинен Евразия жана Түндүк Америкада өсөт. КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгүндө 4-5 түрү, Кавказда, Борбордук Азияда, Түштүк

Сибирде кездешет. Көбүнчө токойдун нымдуу жеринде, суу боюнда өсөт. М-дун жалбырагы жөнөкөй, кезектешип жайгашат. Гүлү ак, жыттуу, чачы топ гүлгө чогулган. Чымынчиркейлер аркылуу чаңдашат. Мөмөсү - ширелүү, кара, майда жемиш, тамак-ашка пайдаланылат. Мөмөсүнүн кайнатма ширеси ич өткөккө, жыгачы эмерек жасоого колдонулат. Уругу жана тамыры же бүчүрүнөн көбөйөт. М. коргоочу токойдо тигилет.