МОЧЕВИНА-ФОРМАЛЬДЕГИД ЧАЙЫРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска
МОЧЕВЙНА-ФОРМАЛЬДЕГЙД ЧАЙЫРЫ - мочевина менен формальдегидди поликонденсациялоодон алынган полимер. Бул полимердин пайда болуу реакциясы ар бири өзүнчө белгилүү шартты талап кылуучу бир нече баскычта өтөт. М.-ф. ч-н алууда конденсациялоону кычкыл чөйрөдө жүргүзгөндө полимерди пайда кылууга жөндөмсүз метиленмочевина пайда болот. Бул кээ бир касиеттерине (механикалык, оптикалык) терс таасирин тийгизет. Ошондуктан өндүрүштө аны синтездөө щелочтуу чөйрөдө өткөрүлөт. М.-ф. ч. суудагы эритме түрүндө, ошондой эле модификацияланганы спирттеги эритме түрүндө алынат. Ал түссүз, жарыкка туруктуу, узакка сактаганда бузулбайт, жакшы боёлот. Алардын негизинде желим, лак, пресстөө үчүн порошоктор, куйма массалар алынат, сынбоочу көп катмарлуу айнектерди өндүрүүдө, эритмелери жыгачтарды чаптоодо, боёкторду коюулантуу үчүн колдонулат.