МОСКАЛЕНКО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МОСКАЛЕНКО Иван Васильевич [1912, Пишпек уезди, Георгиевка кыш. (азыркы Казакстан, ) Жамбыл обл., Курдай р-ну) - 16. 11. 1941, Во­локаламский р-ну, Нелидово кыш.] - Советтик Союз.

Баатыры (1942). Согушка чейин Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз р-нундагы байла­ныш бөлүмүндө эсепчи болуп иштеген. 1941-ж. июлдан Советтик Армияда. Ошол эле жылы согушка кирген. Улуу Ата Мекендик согуш­та 1075-аткычтар полкунда

(Батыш фронттун 16-армия­сынын 316-аткычтар диви­зиясында) кызмат кылган.

1941-ж. 16-ноябрда душман Москваны көздөй чабуулга өткөндө Волоколамский шоссеси

ба­гытындагы Дубосеково разъездин коргоочулар менен бирге (атактуу 28 панфиловчулардын ката­рында) эрдик көрсөткөн. Москва обл-нун Воло­коламский р-нунда саясий жетекчи В. Г. Клоч­ковдун башчылыгы астында жоокерлердин тобу менен душмандын 18 танкасын жок кылган. Сал­гылашта баатырларча курман болгон. Ленин ордени менен сыйланган. Бишкек ш-нда Жаш гвардия проспектисиндеги «Баатырлар аллея- г; сында» анын бюсту орнотулган. Баатырдын аты

деңиз флотунун кемесине берилген. Демидов ай­лында баатырларга арналган музей бар.

Баа­тырдык көрсөткөн жеринде мемориал

орно­тулган.