МОРРИСОН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска

МОРРИСОН Тони (18. 2. 1931-жылы туулган, Лорейн, Огайо) - америкалык жазуучу. 1949-ж. Гарвард университетине кирип, 1955-ж. Корнелль университетин бүтүргөн. Анын романдары ак адамдардын социалдык жана ма­даний чөйрөсүндө жашаган кара америкалык­тардын тарыхый тажрыйбасы туурасында баян­дайт. «Көпкөк көздөр» (1970) романында атасы зордуктап салган Пекола Бридлавдын бир жыл­дагы жашоо-турмушун сүрөттөйт. «Сула» (1974), «Соломондун ыры» (1977), «Таяк жеген нарис­те» (1981), «Сүйгөнжар» (1988), «Джаз» (1992) романдарында жазуучу негрлердин турмушуна болгон азыркы кездеги көз караштарды кенен талдоого алат. Эсселери, публицистикасы, бал­дар үчүн китептери бар. Нобель сыйл. лауреаты (1993).

Чыг.: Песнь Соломона. М., 1999; Жалость. М., 2010.

Ад.: Тони Моррисон//История зарубежной литера­туры XX в. М., 2003. С. 363-371.