МОНЧОК ГҮЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска

МОНЧОК ГҮЛ (СопуаПаыа) - өсүмдүктөрдүн лилия гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Тамыр са­бактуу жана жалбырак сабы узун, тамырынан өсүп чыккан 2 же 3 жалбырактуу көп жылдык чөп. Гүл сабы~узун, 20 смте жетет. Гүлү ак, жыттуу, чачыдай топ гүлгө чогулган. Мөмөсү жемиш сымал, тоголок, кызыл. Евразиянын мелүүн алкагында жана Түндүк Америкада тарал­ган. КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгүндө, Кав­казда, Чыгыш Сибирде жана Ы. Чыгышта кези­гет. Жарык токойдо, бадал арасында өсөт. Дары жана кооздук өсүмдүгү. Өстүрүлгөн түрүнүн гүлү ири жана күлгүн түстө. Калктуу жерге жакын токойдо өскөндөрүнүн саны азаюуда.