МОНЧОК ГҮЛ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МОНЧОК ГҮЛ (СопуаПаыа) - өсүмдүктөрдүн лилия гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Тамыр сабактуу жана жалбырак сабы узун, тамырынан өсүп чыккан 2 же 3 жалбырактуу көп жылдык чөп. Гүл сабы~узун, 20 смте жетет. Гүлү ак, жыттуу, чачыдай топ гүлгө чогулган. Мөмөсү жемиш сымал, тоголок, кызыл. Евразиянын мелүүн алкагында жана Түндүк Америкада таралган. КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгүндө, Кавказда, Чыгыш Сибирде жана Ы. Чыгышта кезигет. Жарык токойдо, бадал арасында өсөт. Дары жана кооздук өсүмдүгү. Өстүрүлгөн түрүнүн гүлү ири жана күлгүн түстө. Калктуу жерге жакын токойдо өскөндөрүнүн саны азаюуда.