МОНТЕРРЁЙ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МОНТЕРРЁЙ - Мексиканын түндүк-чыгышындагы шаар. Нуэво-Леон штатынын администрациялык борбору. Калкы 1,1 миллион (2012; шаар айланасы менен 4 миллиондой). Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту
бар. Өлкөнүн Мехикодон кийинки 2-экономикалык борбору. Рейноса ш-нан газ кууру келет. Кара жана түстүү металлургия, машина куруу, химиялык, жыгаччылык, текстиль жана тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Үч университет бар. 16-к-дын аягында негизделген. 17-18-к-дын архитектура эстеликтери сакталган.
