МОМИНОВА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска
МОМИНОВА Разияхан (5. 5. 1918, Ош - 8. 7. 1988, ошол эле жер) - артист жана бийчи, Кыргыз ССР эл арт. (1940). Балдар үйүндө тарбияланган. Артисттик өнөрүн өздүк-көркөм чыгармачылыктан баштаган. 1939-жылдан Ош обл. өзбек музыкалык драма театрында актёр. Алгач Залиманын (К. Гоци, «Турандот каныша») ролун ойногон. Кымбат (У. Исмаилов, «Рустам»), Күмүшай (М. Ашрафи, «Бороон»), Жамийла (Хамза, «Байменен

батрак») ж. б. образдарды чебердик менен ачып берген. Ал өзбек, тажик, уйгур бийлерин чебер аткарган. Балетмейстер катары «Гүлсара», «Фархад менен Ширин», «Тахир менен Зухра», «Нурхан» спектаклдеринин бийлерин койгон. Эки «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.