МОМБЕКОВ Юсуп: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска
МОМБЕКОВ Юсуп [26.10.1926, азыркы ЖалалАбад обл., Ноокен р-ну, Бүргөндү кыш. - 21. 10. 1983, ошол эле жер] - а. ч. өндүрүшүнүн ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1973). Эмгек жолун 1942-ж.

Ленин (азыркы Ноокен) р-нундагы «Кызыл Жылдыз» колхозунун катардагы колхозчусу болуп иштөөдөн баштаган, кийин «Бүргөндү» колхозунда бухгалтер, Карл Маркс атындагы колхоздун башкармасынын төрагасынын орун басары, Калинин атындагы колхоздун башкармасынын төрагасы (1961-83). Ал жетекчилик кылган колхоз 1973-ж. а. ч. азык-түлүгүн өндүрүү жана мамлекетке сатуу боюнча милдеттенмесин ашык орундаткан. 1971-74-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Эки Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. Ноокен р-нундагы кыш-ка аты коюлган.